Чүй облусунун райондорунун биринде Мамлекеттик салык кызматынын инспектору 15 миң сом пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин 5-Башкармалыгынын жана Чүй облусунун прокуратурасынын кызматкерлери Салык кызматынын инспекторун пара алып жаткан жеринен кармашты. Ал салыкты кошпоо үчүн Р.Б. аттуу жарандан 15 миң сом пара талап кылып жаткан. Бул факт боюнча облустук прокуратура "опузалап пара алуу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.