9-ноябрда таңкы саат 4:00дө Бишкектеги Гоголь көчөсүнөн Мерседес-Бенц унаасы жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Окуя баш калаадагы №65-мектептин тушунда болуп өткөн. Кырсыктан Свердлов районуна караштуу №10-шаардык милиция бөлүмүнүн участкалык инспектору, милициянын ага лейтенанты жабыркап, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Бул факт боюнча иликтөө иштери башталды.