Эртең, 5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүнүн тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24.
Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.