Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Муну бүгүн, 10-декабрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынан маалымдашты. Белгилүү болгондой, өрт кырсыктары Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ош облусунда жана Баткен облусунда катталган. Анын кесепетинен бир адам көз жумду.
Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгону аныкталды.