Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан көпүрөдө саат 08:15те унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окурман 10-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Бул боюнча SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен маалымдагандай, кырсык Лев Толстой менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. “Айдоочунун айтымында, ал Лексус үлгүсүндөгү унаасында баратканда унаа өчүп, токтоп, заматта өрттөнүп кеткен. Кырсык болгон жерге жол-кайгуул кызматкерлери жана өрт өчүрүү унаасы барып, өрттү токтотушкан”,- деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, өрттөнгөн унаанын ичинде айдоочу гана болуп, ал сыртка чыкканга үлгүрүп калган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.