Гүлчөдө аскердин өз өмүрүнө кол салганы боюнча жаңы версия пайда болду

Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин өлүмү тууралуу жаңы версия пайда болду. Маркумдун туугандары SUPER.KG порталына кайрылып: "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өзүн акташ үчүн "аскер апасынын карыздары үчүн көп иштеген" деген жалган маалыматты таратып жатат",- дешти.

"Маркумдун денесин экспертизада сойдурушкан эмес. Анын денесинен аскердик өтүк менен тепкилегенден калган издер байкалган. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, чогуу иштеген аскерлер аны басмырлап, акча талап кылышчу экен. Мындан тышкары ал бир күнү рациянын антеннасын сындырып алыптыр. Мындан улам аскер кызматкерлери аны катуу коркутушкандыктан, ал барып асынып алган",- дешти маркумдун туугандары.

"Анын апасы менен мамилеси жакшы болгон. Бир жолу апасынан карызга 2 миң сом сураган. Акча жок болгондуктан, апасы "Азырынча акча жок, көп жерден карыз алганбыз. Сен иштеп жатасың, тапкан акчаң өзүңө да жетпейт, үйгө да алып келбейсиң" деп жооп берген. Ал эми Башкы штабдын жетекчилери журналисттерге ушуну гана билдиришүүдө. Ал апасы менен урушкан эмес",- деп түшүндүрүштү туугандары.

"Жакында апасы арыз менен тиешелүү мекемеге кайрылганы жатат. Маркумдун артында апасы жана эки иниси калды. Үй-бүлөсү Гүлчөдөгү үйдө жашачу. "Аскер өзү асынып алган" дешип, анын үй-бүлөсүнө эч кандай компенсация берилбейт экен",- деп билдиришти маркумдун жакындары.

Эске салсак, 1-декабрда Гүлчө айылында 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылган. Алай райондук аскер комиссариаты аны 2014-жылдын жазгы чакырылышында кабыл алган. Ал аскер кызматын келишимдик негизде өтөп жүрчү. Бүгүнкү күндө Ош прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Бакыт Жапаров: "Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин өлүмү үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу болгон",- деген. "Аскердин апасы анын акча которула турган банк картасын өзүнө алып алган жана акчасын да өзү алып турган. Апасы учурда "дооматым жок" деп жазып берди. Иликтөө бүткөндөн кийин гана жыйынтык чыгат”,- деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
striker
2015-12-10 12:06:49
чындык эми ачылды окшойт... болбогон 400сомдук рация учунбу
+2
nur-patriot
2015-12-10 12:08:59
мен да башынан бери ишенген эмес элем. Кантип эле оз ыктыяры менен аскердик кызматка барган бала асынып алсын? Дедовщина кучогон кыргыз армиясында.
+8
Elime
2015-12-10 12:13:44
Ушул кунго чейин канча аскер асынып алган болсо, баары эле уй-булосуно же суйгон кызына же кандайдыр бир шылтоону айтып эле чыга келишет да.Куралдуу кучтор бир да жолу мындай болгон деген нерсени окубапмын.Албетте окунучтуу жакындарына сабыр тилейм.
+9
Sandrana
2015-12-10 13:30:40
Elime,Албетте чындык качан эле болду бул Кыргызстанда!
+2
aydarov...
2015-12-10 12:28:40
Армия бул армия токмок жейсин токмоктойсун.чыдайсын эркек болуш керек. Озун тын болбосо азыр армияда эмес садикте болсонда шылдын болосун по ким сени басынтат. Анан кичине шылдындап койсо эле асынып алабы. Олгон озунун шору. Главный башка олтурбосо болгону
-20
nur-patriot
2015-12-10 12:51:55
аскердик кирзовый отуктун удары аябай катуу болот. кичине тийсе эле соок сынгандай
+7
muli
2015-12-10 12:53:24
Уштнтип патироторубуз асынып жаста жалько да
+5
prenses
2015-12-10 12:59:39
Jatkan jeri jailuu bolsun,allahim ech kimge bul kundu jashatpa:(
+3
Alixan-Nookat.2015
2015-12-10 13:06:30
Азыр аскерде отук кийбейт берца кийет жана бул каза болгон адам солдат эмес ал кызматын эчак эле бутуп контрак менен кызмат кылган деп журот мындайча айтканда сержант. Ушундай кичинекей кыйынчылыкка чыдабай алсыз болсок эртен кудай сактасын согуш болсо эмне кыласынар армияны коруп келгиле баардык условия бар силер ойлогондой кыйынчылык болсо баары асынып алмак. Бул жерде уй. булолук чырдын негизинде болгон деп ойлойм. Армияны корбой туруп ар нерсени жазып армиянын атын булгабагыла эртен ошолор с
-11
Sandrana
2015-12-10 13:29:23
Alixan-Nookat.2015,Армиянын аты булганып буткону качаан эле,канча канча жаш балдар олуп кетти буга чейин Армияда журуп,ошол нерсе адамдын башына барса анан козу ачылат ага чейин герсейе берет адам короздой болуп!
+5
Alixan-Nookat.2015
2015-12-10 13:08:36
ошолор силерди коргойт ал эми алсыздар оз омуруно кол салат душман менен согушпай эле .
-7
Sandrana
2015-12-10 13:26:41
Alixan-Nookat.2015, ХХХ ХХХ ХХХ... кичине адамда боорукер деген нерсе болушу керек
0
nur0077
2015-12-10 14:28:37
Sandrana, олкобуздун коп жеринде болдум,Элибиздин пейилинен айланса болот.Кен пейил,адамкерчилик,меймандос.Анан Ноокатын Эли боюнча айтаарым,булар ото ынтымак,мээнеткеч келишет.Башка район,облус боюнча деле байкап журом,Эми Эл экен,арасынан ар кандай адамдарын чыгат экен.айтууга ооз барбайт,аман эле болсунчу.
0
admin_portal
2015-12-10 15:10:37
Sandrana - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
briliant87
2015-12-10 13:15:09
Буну Армия деп койот
-6
Sandrana
2015-12-10 13:27:40
briliant87,Олумунун коптогон себеби бардыр сен кайдан билесин???Кудай эмессинда сен!
+3
kama_future_millioner
2015-12-10 13:29:01
Бул бала озун озу аспайт бул жерде дедовщина болгон же дагы башкаа...
+4
Ayida
2015-12-10 17:27:45
Алихан Ноокат абайлап суйло Аскерге барган адам эч кандай себепсиз асынбайт.Аскерден кордук коргонда
+1
Alixan-Nookat.2015
2015-12-10 19:57:31
Ayida, Ал оз милдетин отоп оз каалосу менен контрактын негизинде кызмат кылууга келген кордук коргудой жаш жоокер эмес. Мен оз ойумду айтып жатам уй булодо мумкун тушунбостуктор болгондур.
-2
Ledi.040297
2015-12-11 13:37:02
Alixan-Nookat.2015, сизда аскер кызматкери окшойсуз? алардын тарабын таалашып калыпсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан