Сокулукта тоноочулукка шектелип 4 адам кармалды

Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылында Түркиянын 1959-жылкы жаранынын батирине кирип, аны токмоктоп, үй ээсинин ноутбугун, уюлдук телефонун жана 2 миң долларын алып кеткен 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул окуя 4-декабрда саат 04:00 чамасында орун алган. "5-6 белгисиз адам үй ээсин токмоктоп, ноутбугун, уюлдук телефонун жана 2 миң долларын алып кеткен. Бул факт боюнча "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 4 адам колго түшкөн. Алардын буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасаганы аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2015-12-10 16:42:44
Огуздой немелер экен оокуртуп туруп колдорун кессе...
0
saulet2009
2015-12-11 08:25:03
Коздорун эмне бекитет таанып койгон жакшыго дейм бут элге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан