ЭЛДИК КАБАР: "Жашылдандыруу" ишканасы кар жааса да тоң жерди казып, көчөт отургузуп жатат

Бүгүн, 10-декабрда Бишкектин түштүк райондорунда "Жашылдандыруу" ишканасы жааган карга карабай тоң жерди казып, көчөт отургузуп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Кычыраган кышта шаарыбызды жашылдандыруу аракетин көргөн ишканага рахмат. Суукка карабай тоң жерди казып, көчөт тигип, анын кулап кетпеши үчүн жыгач менен тиреп коюп жатат. "Жашылдандыруу" ишканасы жаз-жай мезгилдеринде эмне кылып жүрдү?" деген суроо пайда болот",- дейт окурман.

Бул боюнча жогоруда аталган ишкананын Октябрь району боюнча аргоному Ырысали Жаналиев: "Учурда жазы жалбырактуу дарактын түрү отургузулуп жатат. Жерди тоң кармай элек болсо, отургузса болот. Ийне жалбырактуу дарактар да кышында тигилет. Көчөт отургузуу иштери 14-декабрда аяктайт",- деди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Arslan12
2015-12-10 15:21:08
Жашылдандыра беришсин, туура кылат жаз келсе туздоп чыгышат да
+1
Mars55
2015-12-10 15:21:33
Карагай арчаны кар жааганда отургузатго.
+4
Samchuk
2015-12-10 15:38:23
Mars55, вот именно что карагай арча эмес тал-теректер экен 1-суротундо турбайбы дап даана. Мен да эртен менен буларды коруп тан калып койдум эле, суукта эмне кылып журушот деп.
+2
mymoon
2015-12-10 15:42:49
Samchuk,тал-терекке окшобойт ко эч эле.
-1
Samchuk
2015-12-10 15:44:58
mymoon, анан эмнеге окшошубатат?
+1
Karakol-3922
2015-12-10 15:49:31
mymoon,Анан эмне козуно елка корунуп атабы )))))) бак болуп турат го
-1
mymoon
2015-12-10 15:52:04
Karakol-3922,талды анан теректи коргонсунбу озу? бак деген жалпы тушунук, бак эмес деген жокмун. именно тал же терекке окшобой атат деп атам, мумкун карагайдыр,
+1
Karakol-3922
2015-12-10 16:12:00
mymoon,Ооба машинанын устундо толтура карагай турбайбы, мен аны байкабай калыптырмын. Мен карагайлар жыл бою жашыл болуп турат экен десем корсо ийнесин таштайт тура алар деле, карасан сонгогу эле калыптыр..........
0
Umar080814
2015-12-10 15:26:43
Кандай максатта жонотту экен бул кабарды?
0
Rifle_2
2015-12-10 15:31:36
Umar080814, баш иштебесе колу буттун шору.
+2
Nusii
2015-12-10 15:35:07
Rifle_2, Созуно толук кошулам
0
mymoon
2015-12-10 15:39:17
Umar080814,смартфон утуп каламбы деген максатта жонотсо керек да.
0
Мэри
2015-12-10 15:49:03
Булардын деле билгени бар чыгар да, же такыр эле билимсиздер иштемек беле ал жакта... Менимче, ушул убакта отургузула турган түрлөрү болсо керек...
+1
skatoruk
2015-12-10 16:06:53
Мэри,кошулам созунузго.
+2
syumbul-aga
2015-12-10 15:55:41
Жер тоңо элек.Бак отургузууга туура эле убакыт.Суук деле түшө элек.
0
jakikj
2015-12-10 16:06:21
Шеф крокодил учат десе учурууга аракет кылып жатышкандыр. Сонку жылы билебиз эми учабы же жокпу.
+3
Gulya21
2015-12-10 16:19:48
Осот деп отургузуп жатышса кк кургап калсын деп отургузбайтго
+1
aydarov...
2015-12-10 16:27:41
Бак даракты отургузуу жер тонгондо эн туура болот.
0
aydarov...
2015-12-10 16:29:36
Кызык жай мезгилде кочот отургузат беле ХХХ
+3
admin_superstan
2015-12-10 16:59:47
aydarov..., сайттын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө жол жок! Эскертүү!
0
amanatym
2015-12-10 16:56:09
жазында кайда журушту эле булар
+1
kubanych92
2015-12-10 18:54:26
Биринчи жолу корушум кышта кочот эккенди.:)
+1
bazar
2015-12-10 20:40:32
Бишкек суук деле эмес го. Отургуза берсе болот. эч нерсе болбойт. өзүңөрчө эле кыйын боло бересинер. "Жашылдандыруу" ишканасынын жетекчилери деле билимдүү адамдар да. Бак даракты кышкы "уйку" кезинде которуштурат.
+1
more22
2015-12-10 21:13:13
Туура эле кылыпатышат азыр бак дарактар уйкуда олтургузса боло берет жайында кандай дарак олтургузат экен же ошондой жаны дарак чыкканбы я.
+1
bema-krao
2015-12-10 22:30:21
Мынча тан каласынар иштесе дагы жакпаса иштебесе дагы жакпаса силерге....Керек болсо Москвадада отургузуп жатат ишенбесенер маяковский метросуна барып корсонор таяк менен сойоп койгон жаны тигилген дарактарды..
+1
mira28
2015-12-11 00:51:30
bema-krao, оа биздин уйдун жанына карагай отургузган болчу 1-кар жааганда Москвада азыр сопсонун болуп жаны жылга даяр болуп калды.Кундун суугуна кардын барына карабай иштеп жаткан ишкананын азаматтарына рахмат жана ийгилик деп жонотсо жакшы болмок.
+1
muha.med
2015-12-11 01:20:09
Эми эл корсунда эптеп иштеп жатышат жазында кылбаган ишти кышында кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан