Ошто Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун жалганчы мүчөсү эми улгайган аялды алдады

Ошто Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун 43 жаштагы мүчөсү Абдимажит Исаков дагы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда милицияга 55 жаштагы аял кайрылып, 2014-жылы өзүн Абдимажит деп тааныштырган адам анын ишеничине кирип 210 миң сомун ээлеп алып, дайынсыз жоголгонун айткан. "Бул факт боюнча "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү издөөгө алынган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Исаковдун буга чейин бир нече жолу соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экени аныкталган",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, быйыл 10-сентябрда А.Исаков "элдин ишеничине кирип, алдоо жолу менен жарандарга материалдык зыян алып келген" деген шек менен кармалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur-patriot
2015-12-10 15:48:12
Колбаевдин авторитетин тушурду го )))
+4
Ern
2015-12-10 16:26:17
Мынча ХХХ ХХХ)
+3
admin_superstan
2015-12-10 16:58:13
Ern, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
E.TARZAN
2015-12-10 16:33:03
Анан материалдык чыгым келтирсе эмне үчүн койо беришти. 1-сотка уурдаган адамды деле кесип жиберип жатпайбы. Бул түбүнө жеткен алдымчы болсо эмне үчүн койо бердинер? Эээми дагы койо бергиле дагы бирөөнү кан какшатсын.
+1
kanat_kyrgyz
2015-12-10 21:21:53
Колбаевдин уйушкан кылмытуулук тобунун мучосун кармады эле дешет. Кылмыш тобунун уйуштурган башчысын неге кармабайсынар? Колбаевге мыйзамсыз курал алып жургон деп кылмыш ишин козгоп, камап чыгардынар. Колбаевке неге кылмыш тобун уйуштурган, башчысы деп кылмыш козгобойсунар? Кыргыздын чыгаан жигиттерин олтургон Батукаевтида актап, мактап койо бердинер. Азыркы бийликте тургандар 2010 жылы коррупчияга, караларга айосу курош жарыялагансынарго? Прездент Алмазбек Шаршеновичта ушул девиз менен прездент
+2
kanat_kyrgyz
2015-12-10 21:26:01
кызматка келген. Айткан соз атылган ок. Аткарыш керек айткан созду. Элди алдаса боло берет деп эч качан ойлобогула, силер озунорду алдап жатасынар. силер айткан убаданар элдин эсинен чыкпайт.
+2
kubat_73
2015-12-10 22:11:45
Аялдарды алдай баштаган авторитетинди да урдум ушуларга баш коз боло албаса Колбаев кайсы арына авторитет.Бул заманда баардык нерсенин баркы кетип бутконбу.Эн эле ырайы суук адам экен менин ырайым мындай болсо аялды алдамак тугул куугумдо да кочого чыкмак эмесмин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан