«Мен баламдын банк картасын алган эмесмин. Менин эч кандай насыя боюнча карыздарым жок болчу»,- деп SUPER.KG порталына Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин апасы билдирди.
Анын айтымында, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы «аскер апасынын карыздарынын айынан өз өмүрүнө кол салган» деп жалган маалымат таратууда. «Райондук аскер комиссариаты өзүн сүттөн ак кылыш үчүн жетекчилигине ушундай жалган маалыматты жеткирген. Чындыгында, мен баламдын акчасына муктаж эмес элем. Өзүм иштейм, үйдө малыбыз бар. Эки баламды багып жатам. Күйөөм каза болгон, анын пенсиясын да алабыз",- деди апасы.
"Кызматтагы чоңдор балама психологиялык басым көрсөтүп, басмырлап, акчасын алып коюшчу экен. Эркек бала болгону үчүн мага мунун баарын айткан эмес. Жоокер болом деп өз ыктыяры менен аскердик кызматка барган. Үч жылдык келишим түзгөнбүз. Чыдап иштеп жүргөн. Бир рациянын антеннасын бузуп алып, андан кутула албай, чоңдорунан коркуп, асынып алган экен»,- деди маркумдун апасы.
Мындан тышкары ал жалган маалыматты тараткан адамга карата арыз жазарын баса белгиледи.
Эске салсак, 1-декабрда Гүлчө айылында 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылган. Алай райондук аскер комиссариаты аны 2014-жылдын жазгы чакырылышында кабыл алган. Ал аскер кызматын келишимдик негизде өтөп жүрчү. Бүгүнкү күндө Ош прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Бакыт Жапаров: "Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин өлүмү үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу болгон. Маркумдун апасы анын акча которула турган банк картасын өзүнө алып алган жана акчасын да өзү алып турган”,- деп билдирген.