Кара-Суу районунда баңгизаттары менен алектенген студент кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда баңгизаттары менен алектенген студент кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине түшкөн оперативдик маалыматтардын негизинде Нариман айылында жайгашкан кафелердин биринин жанынан Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарынын 19 жаштагы тургуну А.К. кармалган. Милиция кызматкерлери күбөлөрдүн катышуусу менен А.Кга тинтүү жүргүзгөн маалда чөнтөгүнөн 26,6 грамм марихуана табылган. Оперативдүү маалыматтардын негизинде Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайдын жатаканасынын бөлмөлөрүнүн биринен дагы 8 даана полиэтилен пакетинин ичине салынган 155 грамм марихуананы өз ыктыяры менен тапшырып берген.
Бул факт боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-12-11 10:01:26
Келечегине кедерги жасап, омуру окутто ото турганын билсе да билмексен кайдыгер студент. Женил акчаны ойлобой окуусун жакшылап окуп ата-энесин кубантса болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан