Кыргыз Республикасынын паспортун мыйзамсыз пайдаланып жүргөн Өзбекстандын жараны кармалганын 11-декабрда ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна караштуу Советабад шаарынын 1978-жылы туулган Г.О. аттуу тургуну 2012-жылы КРнын Ички иштер министрлигинин түштүк аймагында жайгашкан Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Алай райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн Сопу-Коргон бөлүмчөсүнөн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун мыйзамсыз алып, пайдаланып жүргөн жеринен кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.