Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, шамал 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү саат 21:35тен 00:10го чейин болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, катуу шамалдан улам жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.