"Кыргыз алтындын" экс-башчысы Дилгер Жапаров 3 жылга кесилди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Кыргыз алтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровду 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Судьянын айтымында, Жапаров жаза мөөнөтүн жатак-абакта өткөрөт. Мындан тышкары судья Жапаровдун УКМКнын СИЗОсунда өткөргөн ар бир күнү үч күн катары эсептелингенин билдирди.

Эске сала кетсек, Дилгер Жапаров “Кумтөр” ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен” деп айыпталган. Ал 2014-жылдын 28-май айында кармалып, СИЗОго отургузулган. Жаза мөөнөтү ушул күндөн тарта эсептелингендиктен, Жапаров соттук өкүм күчүнө киргенден 10 күндөн кийин эркиндикке чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
jaark.23
2015-12-11 13:14:59
хахаха мына сага. Ошончун сот отурумдарын калп эле чоюп журо беришет турбайбы. 200 млн доллар жеди у1 жылга камалды. А эгер карапайым адам болсо 2000 сом учун бери жагы 5 жылга камап коюшмак
+8
perichte
2015-12-11 14:16:38
jaark.23,Менимче бул кишини да жон эле пайдаланып коюшту...Камала тургандар камалбай тайрандап журушот миллиондорду майсап коюп...эххххх..элди эмне мынча алдашат!!!
+2
B.B.Sadykov
2015-12-11 13:20:06
Nege uwun4a 4on summa uurdagan 4inovnikterdi 1jil Korkmazov, 1,5jil , 3 jyl Dilger Japarov. Omurunun a9gyna 4eyin kamap 5 6oosun korsotposonor, erten biroosu mili9rd 1 jyl kamalyp omurunun a9gyna 4eyin jyrgap jawap kalat go
+3
marik10
2015-12-16 16:35:03
B.B.Sadykov,бул жерде Жапарвту мыйзам боюнча которгон дивиденттер боюнча соттошту, калгандарды чындыгындале кобуроок камака алыш керек болчу
0
Aiko_92_29_08
2015-12-11 13:26:19
Лапну от смеха
+2
EAmirbek
2015-12-11 13:35:08
Просто соз жок биздин сотторго
+2
shailoo2015
2015-12-11 14:00:40
Акчаң болсо калтаңда,
Каалашыңча талтаңда.
+2
Drongo
2015-12-11 14:27:52
Экс-депутат Садыр Жапаровдун бир тууганы эмеспи?
+1
bolotbai3
2015-12-11 15:25:14
Drongo, азыркы депутат Акылбек Жапаровдун тууганы окшойт,окшошуп кетет ооздору чормойуп.
+1
marat_1910
2015-12-11 14:28:01
ХХХ ХХХ бул эмне деген шумдук ааа карапайым адам бир кой урдаса 5-10 жылдап кесет а булар чы ХХХХ ХХХ кыргызстан соттору аман эле болушсун бизде закон жок
+2
admin_media
2015-12-11 15:35:45
marat_1910,
Провокацияга жол жок!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
suiutbekov1989
2015-12-11 15:22:28
Баарына кудай бар бугун макул качанар менен кутугула бирок унутпагыла бир кун бол бир кун жооп бересинерби бул дуйно кайтар дуйно
+2
ilya.
2015-12-11 15:27:41
макул 10 күндөн кийин чыксын акчаны кайтарабы же акча кайтарылбайбы милиондогон акчаны жеп коюп 10 ай олтуруп койсо боло береби
+1
timashi
2015-12-11 16:22:45
200 миллионду кармаган адам жон адам эмес да,судьяга 1 миллионду карматып койсо озун жоготуп койсо керек да,
+2
Medina87
2015-12-11 20:52:40
Мынакей биздин Гумандуу сотторубуздун чечими. Башынды чайкабаска арга жок.
0
jaazira13
2015-12-17 13:15:00
Medina87,бул жерде гумандуулук эмес саясый оюндардын маселесин караш керек
+1
EAmirbek
2015-12-11 22:28:04
Урматтуу админ, урматтуу окурман туугандар бизде (Кыргызстанда) президентке же жогорку органдарга кайрылуу жазса же петиция чогултса болобу? Эгерде болсо, келгиле ушундай корунуштор кайталанбасын десек чогуу кайрылып королу тиешелуу жерлерге, антпесек тоок уурдаган 5 жылга кесилип, млндорду уурдагандар бир жылда кутулуп чыгып онолбойбуз (куйом да куйом)
-1
Aviator
2015-12-12 00:43:56
алып тын болуптур да
0
ayzyrek89
2015-12-12 01:20:22
Мистекан каякты карап олтурат.(и.жолдубаева) тим эле башкача келген элего ишке башында. Кыргызтанда акчалуулар законду уруп да ойношпойт . Кайнайсында окуп эле
0
temirov76
2015-12-12 11:40:33
Ит уро берет кербен журо берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан