Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүргөн адамдарды табууга күбөлөр жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, милиционерди өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күбөлөр суракка алынган. "Алар аталган кылмышты жасаган адамдар тууралуу маалымат беришкен. Милиционерди өлтүрүү болгон күнү кылмышкерлер издөөдө болгону жана Бишкектин 8-кичи районунда ижарага алынган батирде жашашканы аныкталган. Алар "Жайшүл-Махди" кыймылынын мүчөлөрү болушкан. Бишкекте террорчуларга каршы жүргүзүлгөн операцияда УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери аталган кылмышкерлерди жок кылышкан. Учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган.
Ички иштер министрлиги Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.