"Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылында чий бөрүлөр койлордун кулактарын жеп кетип жатышат. Бир күндө 2-5 койго кол салынып, жалпы 15-20 койдун кулактарын жеп кетти. Учурда жарадар койлордун көбү кансырап өлүп калды. Бул нерсе 1-1,5 ай мурун башталган",- деп билдирди окурман SUPER.KG порталына 11-декабрь күнү WhatsApp аркылуу. Анын айтымында, айыл эли кооптонууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.