"Ош базарында" буга чейин беш жолу соттолгон ууру кармалды

Бишкекте буга чейин уурулук боюнча 5 жолу соттолгон адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучулар кайрылып, "Ош базарынын" аймагында белгисиз адам уурулук кылып жатканына арызданышкан. "Ленин райондук милициясынын кызматкерлери ууруну кармашып, анын аты-жөнүн аныкташкан. Ал 45 жаштагы Д.Александр экени, Бишкек шаарында жашаганы жана буга чейин 5 жолу уурулук боюнча соттолгону белгилүү болгон. Учурда анын 10 уурулук фактыга тиешеси бар же жок экени териштирилип жатат. Ал көбүнчө "Ош базарынын" айланасында уурулук кылган. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azim.00kg
2015-12-11 15:41:57
ОуУу Баатыр ууру наамын бериш керек экен го. (страшно)
+6
kirgizstan
2015-12-11 15:42:26
Уурдап жан баккан эркек эркек беле.
+6
shailoo2015
2015-12-11 15:44:17
Пешенеге жазылганы
+1
kyrgyzka96
2015-12-11 15:47:57
Мындайларды рецидивиц деп коет беле
+3
MuslimNur95
2015-12-11 16:24:55
Колдорун кесип, бошотуп жибергиле
+2
modem4999
2015-12-11 17:01:17
MuslimNur95, макул
+4
Anya__t
2015-12-12 19:05:10
Боорду эздинер го. ...
-1
ukmuw-ukmuw
2015-12-13 05:16:25
Ош базар алдамчы уурулардын жайы,милициянын еле мандайындагы обменкалар коз коруно алдайт милициянерлер тегерегинде еле журот булар уюшкан кылмыштуу топтор калп еле елге реклама бул.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан