Кыргыз Республикасынын аймагында бүгүн, 11-декабрда дагы эки ирет жер силкинди. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, саат 09:50дө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталса, кайра саат 10:17де очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Саат 09:50дө жер титирөөнүн очогу өлкөнүн Бабаш-Ата тоосунун аймагында болуп, Көсө-Терек айылынан 15 чакырым түндүк-батышка, Кара-Көл шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Көсө-Терек айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллга жеткен.
Ал эми саат 10:17де очогунда 3 баллга жетип, очогу өлкөнүн Байбиче-Тоо тоосунун аймагында болуп, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Орто-Сырт айылынан 20 чакырым түштүк-батышка карай жайгашкан. Орто-Сырт айылында 2,5 балл болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.