Кара-Кулжа районунда эки унаа кагылышып, 4 адам жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 10-декабрда аталган райондун Кара-Кулжа айыл аймагындагы Төө-Моюн чегинде ДЭУ Тико үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге барышкан ӨКМнын №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кара-Кулжа райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан жеткирилген.