1-класстын окуучусун уурдап, анын апасынан 150 миң сом талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда милицияга 33 жаштагы М.Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
Бул факт боюнча "өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жашына жете элек баланы уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда саат 10:00дө 2008-жылкы Даниэль үйүнөн чыгып, мектепке жетпей дайынсыз жоголгону аныкталган. Ошол эле күнү саат 15:19да баланын апасынын телефонуна: "Акмак, сенин ханзаадаң менин жанымда. Тирүү бойдон кайтарып алгың келсе, 150 000 сом даярда. Эч кимге айтпа. Айтсаң кызыңды да жоготосуң. Эч ким жардам бербейт. Эртең 7де акчаңды даярда, кайра чалам!" деген смс-кат келген (смс-кат орус тилинен которулду - SUPER.KG).
Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалды. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы жана буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталды. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айтты. Окуя болгон күнү ал баланы алдоо жолу менен Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, суусундугуна димедрол (уктатуучу дары) кошуп уктатып койгонун айткан. Аталган дары өтө көп кошулгандыктан бала каза болуп калган экен. Ошондо аял баланын жансыз денесин чуңкурга таштап салган. Андан кийин ал баланын апасына смс-кат жөнөткөн.
Баланын денесин кароодо айрым жерлеринен көк алалар жана моюнунан жиптин изи байкалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.