Бишкекте "квартирантын бычактап өлтүрдү" деген шек менен 53 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте "квартирантын бычактап өлтүрдү" деген шек менен 53 жаштагы жаран кармалганын бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, 2-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен бычактан жаракат алган 45-50 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө тобу тарабынан кылмыш иши ачылган. Аталган кылмышка шектүү катары ушул эле конуштун 53 жаштагы М.Эмилбек аттуу тургуну кармалды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 45-50 жаштардагы жарандын өлүмү мушташтан келип чыккан. Эмилбек каза болгон жаранга үйүн ижарага берген жана ал акчасын төлөбөгөндүктөн жаңжалдаша кетишип, аны бычак менен сайып жиберген. Кармалган жаран камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
meky85
2015-12-12 14:58:03
Азыр элдин баары эле нервный урушуп кетсе эле олтуруп салыш керекби
+4
kuba1983
2015-12-12 17:31:44
olturup koiuu moods bolup kaldygooo.
0
STAN_KG
2015-12-12 19:31:48
Шайтанга дос болуп, бир деме болсо эле өлтүрүүгө аракет кылбай сабап кой, өтө эле ургуң келип жатса. Өлтүргөндүн өзүнүн эле азабы, эми адам өлтүрүп алып, кыйналып түрмөдө жатасың, эх ойлонуп иш кылгыла!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан