Кымбат баалуу унааларга номурдун ордуна "NURAIYM" деген жазууну тагып, жанына сүрөткө түшүп талкуу жараткан кыз табылды

Белгисиз кыз буга чейин бир катар айнеги караңгылатылган унааларга номурдун ордуна "NURAIYM" деген жазууну тагып, анын жанына сүрөткө түшүп, сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарып жиберген. Мындай иш-аракет мыйзамсыз болгондуктан, Жол-кайгуул кызматы "NURAIYM" деген жазуу тагылган унааларды кармап, айып аянтчасына токтоткон. Унаа ээлери ал кызды тааныбай тургандыгын жана кыз жөн гана келип, номурду алмаштырып сүрөткө түшүп алууну суранганынан макул болушканын билдиришкен.
Жол-кайгуул кызматынын маалымат кызматы ал кыз бүгүн, 12-декабрда аталган кызматтын мекемесине келип, аты Нурайым экенин айтып, ал эмне себептен мындай ишке барганын билдиргенин кабарлады. "NURAIYM" деген жазуу картондон жасалгандыгы аныкталды. Ал эми бул жазууну тагып алып көчөдө жүрбөгөндүктөн, жоопкерчиликке тартылбай турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
Ular91
2015-12-13 04:31:59
Чондордун тууганы же жакындары болсо ал кызга жазалабай турсун айып акча салышбасада керек.
+1
lapochka96
2015-12-13 08:57:23
Ой кудай ар ким эмне кылат о3у билетда закон алдын да о3у жооп берет силерге не
-3
STAN_KG
2015-12-13 10:15:57
lapochka96, Сен эч бир башкаруу системасында иштебе, анткени эл, адамдар мени менен эмне иши бар! ар ким эмне кылат о3у билетда закон алдын да о3у жооп берет силерге не деген чиновник болосуң! Кыргызстанды сага окшоп акыл ой жүгүрткөндөр кыйратып бүтүрдү!!! Жоопкерчилиги жоктор! Коом бир адамдан түзүлбөйт! баары бири-бирине көз каранды жана гармонияда!
+2
haker_9500
2015-12-13 09:54:03
malades kyzdar erkekterge karaganda jakwy baw kotoro bawtadynar
-1
Flander
2015-12-13 10:43:33
Эмне болот экен анын эч кандай жаман нерсеси жок.
0
tynara81
2015-12-13 10:48:15
..бул жазууну тагып көчөдө жүрбөгөндүктөн, жоопкерчиликке тартылбай тургандыгы айтылды...дейт. Сүрөттө ушул жазуу менен жолдун ортосунда эле баратпайбы машина??? же ошентип жолдун ортосунда сүрөткө эле түшүп коюптур десе эл ишене берет деп ойлошобу...
0
kyrgy3bai
2015-12-13 11:02:09
Жөн эле бир кыздын назы үчүн ушунча ызы чуу болосуңарбы?
0
jigitomar
2015-12-13 11:08:59
Азыр баарыле озгочо суротко тушуп атпайбы бул кыз деле ошондой кылгандыр балким.Бирок кызыктуу ой менимче жаман эмес
0
zhykyo
2015-12-13 11:10:52
Кийин балдарына айтып берет ушинткем деп
+1
Flander
2015-12-13 12:43:04
Бирөө катуурак оосурса да кеп кыла бересиңерби тооба,эч кандай балекет болгон жок го.
0
Elit
2015-12-13 15:58:46
Жамандын аты жар-жарда дегендей болуптур го.
0
Kyke08
2015-12-13 18:52:28
атын чыкпаса " жер ортто "
0
more22
2015-12-13 19:47:32
кочодо журбогону учун дегенинер кандайча? кочонун ортосунда бара жаткан болчуго ак уйдун астында суротко тушконучу ал жакта ким бар бул кыздын ''танкасы'' неге озунор баарысын айтыптуруп эми тескерисин жарыялап жатасынар?
0
Shat.88
2015-12-14 00:44:31
Деги соо суйлобойсунор гооо,соо эмес,бир сыр бар,чондордун байланышы бар ж.б оюна келгенин жасады да бутту башка эч нерсе жок,
0
Alina13
2015-12-14 15:56:49
бул кыздын суротторун кайсыл жерден корсо болот?
0
nuru95kg
2015-12-16 22:00:32
Alina13, одноклассник те коргом
0
nuru95kg
2015-12-16 22:00:38
одноклассник те коргом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан