Бүгүн, 13-декабрда өлкө аймагында кайрадан жер силкинди. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, саат 05:02де очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очогу Кетмен-Төбө айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Кара-Көл шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Токтогул районунун борборунан 35 чакырым түштүк-батышта, Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Кызыл-Уран, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Көк-Бел, Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга, Кара-Көл шаары менен Кара-Жыгач айылында 2 баллга сезилген.