13-14-декабрда жаап өткөн жаан-чачындарга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 12-декабрдан 15-декабрга чейин артиллериялык курал менен кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
"Чүй облусундагы Жайыл районунда 12-декабрда cаат 07:00дө Кой-Таш айылынан чыккан Кыргыз Республикасынын Башкы штабынын артиллериялык тобу жана КР ӨКМнын ыкчам тобу Бишкек - Ош унаа жолундагы кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардагы кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө чыгышкан. Жалпысынан 18 снаряд атылды, 3 миң куб метр кар көчкүсү түштү, жолго жеткен жок",- деп билдирет мекеме.