Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, Бишкекте 1, Ош облусунда 2, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында Власов көчөсүндөгү үйдөгү газ баллондон өрт чыккан. Ал эми Ош облусунда мечиттердин биринин дааратканасынын 40 чарчы метр шыбы күйгөн. Ошондой эле Кара-Суу районунда аянты 15 чарчы метр жыгач кургатуучу жайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу, мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү болгон.