Кара-Балта шаарында 49 жаштагы жарандын жанынан маңзат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, 12-декабрда жергиликтүү милиция кызматкерлери атайын рейддин жүрүшүндө саат 13:30 чамасында С.Г. аттуу 1966-жылкы адамды тинтүүгө алганда жанынан 26,60 грамм маңзат табылган. Бул факт боюнча "баңгизатты мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.