71 жаштагы пенсионерди "батир сатып берем" деп алдап, анын 97 миң долларын алып алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 71 жаштагы арыз ээси окуянын сентябрь айында болгонун кабарлаган. Анда Жаиль аттуу жаран ага Бишкектен батир алууга жардам берем деп, ишенимге кирүү менен 97 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Жыйынтыгында ал акчаны алган соң таптырбай кеткен. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Жаиль колго түшүрүлдү, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.