Пакистандын Парачинар шаарында 13-декабрда орун алган жардыруудан улам 23 адам каза тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар бүгүн, 14-декабрда жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя Парачинар шаарындагы базарлардын биринин аялдамасынын жанында болгон. "Анын кесепетинен 23 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет жасашкан, бирок алар кармалып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бул жардырууну “Лашкар-э-жангви” аттуу террордук топ уюштурганы болжолдонууда. Террорчулар бул жардырууну Сириянын президенти Башар Асадды жана Иранды колдоп жаткан шииттерден өч алуу үчүн жасашканы айтылууда",- деп жазышат басылмалар.