ЭЛДИК КАБАР: Лейлекте 2-класстын окуучуларынын үстүнө бастырма кулап, 9 бала жаракат алды. Учурда алар ооруканада

Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Суу айылында "Эгемендүүлүк" орто мектебинин 2-классынын окуучуларынын үстүнө бастырма кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

Анын айтымында, кырсык кечээ, 14-декабрда саат 15:00 чамасында болгон. “Анын кесепетинен жалпысынан 9 бала ар кандай жаракаттарды алды: 4 окуучунун буту сынды, 1 баланын башы жарылды. Учурда алар Лейлек райондук борбордук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатышат. Калган 4 бала биринчи медициналык жардам алгандан кийин ата-энелери аларды үйлөрүнө алып кетишти",- дейт окурман.

"Бастырманы куруучулар жакшы салышкан эмес окшойт. Кар көп жааганда темир устундар көтөрө албай окуучуларды басып калган”,- деп болжолдойт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
japardos
2015-12-15 10:16:41
бастырманы курган Куруучуларды жоопко тартыш керек ептеп колдон отор кылышкан болушу мункун
+5
saltanat2015
2015-12-15 11:27:26
Жакшы кабар окубай калдыкго.жакшы болуп кетишсин балдар.
+1
Futuro
2015-12-15 14:30:05
Бастырманар эмне?
0
mbk
2015-12-15 14:45:11
бастырма деген навес
0
Medina87
2015-12-15 16:35:21
Мен билгенден Лейлекте кар аз жаайт, жааса да тез эле эрип кетет же тынбай болуп турган жел учуруп кетет. Бастырма сапатсыз курулгандыктан кулаган болуу керек. Дагы жакшы балдар аман калыптыр. Тэзирээк айыгып кетишсин кичинекейлер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан