Орусиянын Казань шаарында жеке ишкер Игорь Сосиндин 19 жаштагы уулу Егор Сосин апасын муунтуп өлтүрүп салды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда орусиялык басылмалар Тергөө башкармалыгына таянып жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-декабрда миллиардердин 44 жаштагы мурунку аялы баласы менен Москвадан Казанга келишип, мейманканага жайгаштырылышкан. Ошол эле күнү алардын ортосунда чыр чыгып, баласы апасын уюлдук телефондун кубаттагычынын зымы менен муунтуп өлтүргөнү болжолдонууда. Кечинде мейманкананын кызматкерлери аялдын жансыз денесин байкап, полицияны чакырышкан.
"Полиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Егор Сосинди кармашты. Учурда соттук-психиатриялык, биологиялык экспертизалар өткөрүлүүдө. Видеобайкоочу камералардан алынган жазууларга ылайык, окуя болгон бөлмөгө апасы менен баласы эле киргени аныкталды",- деп жазышат басылмалар.