Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Муну бүгүн, 15-декабрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Таласта 2, Ош облусунда 3, Баткенде 2 өрт кырсыгы катталды. Алардын келип чыгуу себептери электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу, тамеки тартуудагы этиятсыздык жана мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү экени аныкталды.