Жалал-Абадда №10-түзөтүү колониясында отургандар түрмө жетекчисине баш ийбей, кийим тигүүчү цехти талкалап салышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда тармактагы жеке булактар SUPER.KG порталына билдиришти.
"Мекемедеги кийим тигүүчү цех, тигүүчү машиналар талкаланды",- деп кабарлады. Маалыматка таянсак, абакта отургандар көптөн бери абактын жетекчиси менен келише албай жатышат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Бишкектен коопсуздук кызматкерлери Жалал-Абадга жөнөп кеткени айтылды.