Ош шаарында студенттерге маңзатка арналган конференция өттү. Бул тууралуу 15-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
Анын айтымында, лекцияны Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын адистери келип окушту. “Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго канааттандырарлык жоопторду алышты. Айрым досторум “насыбайды таштайм” деп чыгышты. Ушуга окшогон иш-чараларды бардык окуу жайларда өткөрүп, баңгизатынан келип чыккан жамандыктын алдын алса болот”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.