Кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 14-декабрда Ош облусунун Араван районунун "Кара-Багыш" постунда 24 жаштагы өзбек жараны Кыргыз Республикасына өздүгүн тактай турган документи жок кирүүгө аракет жасаган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек арачылар кармалган адамды Араван РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.