7 жашар Даниэлди мыкаачылык менен өлтүргөн аял 2 айга №1-СИЗОго отургузулду

Бишкекте 7 жашар Даниэлди мыкаачылык менен өлтүргөн аял 2 айга №1-СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, тергөөчүлөр кылмышка шектүүнү суракка алышканда, ал күнөөнү өз моюнуна алып, кылмышты эч кимдин жардамысыз, жалгыз жасаганын айтып берди. "Башында бул факт боюнча "адам уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон, андан соң "адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүлгөн. Бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Ага "опузалап акча талап кылуу" беренеси кошулушу мүмкүн",- дешти милициядан.

Эскерте кетсек, 10-декабрда милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан.

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда саат 10:00дө 7 жашар Даниэль үйүнөн чыгып, мектепке жетпей дайынсыз жоголгону аныкталган. Ошол эле күнү саат 15:19да баланын апасынын телефонуна: "Акмак, сенин ханзаадаң менин жанымда. Тирүү бойдон кайтарып алгың келсе, 150 000 сом даярда. Эч кимге айтпа. Айтсаң кызыңды да жоготосуң. Эч ким жардам бербейт. Эртең 7де акчаңды даярда, кайра чалам!" деген смс-кат келген (смс-кат орус тилинен которулду -SUPER.KG).

11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы жана буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталган. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Окуя болгон күнү ал баланы алдоо жолу менен Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, суусундугуна димедрол (уктатуучу дары) кошуп уктатып койгонун айткан. Аталган дары өтө көп кошулгандыктан бала каза болуп калган. Ошондо аял баланын жансыз денесин талаадагы чуңкурга таштап салган. Андан кийин ал баланын апасына үстүдөгү смс-катты жөнөткөн.

Баланын денесин кароодо айрым жерлеринен көк алалар жана моюнунан жиптин изи байкалган.

1-класста окуган Даниэлдин сөөгүн табышканда (Уят сөздөр бар!)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
sabyr86
2015-12-15 21:46:45
Супер инфо ушул аялдын канча жылга соттолгону тууралу да,кийин унутпай кабар берип койюңуздарчы.биздин соттор 5,6 жыл берип,жэ үй түрмөгө чыгарып ийишчү эле.
+4
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-15 22:27:43
sabyr86, 3 статья илинип жатат. 4 - статьяны кошсо.. Каяктагы 5-6 жыл...эн аз дегенде 20 жылдын тегерегин айтат..соттор деле мындай ишке көз жумуп койбос
+3
Nasi1981
2015-12-15 22:15:09
ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-12-16 17:20:22
Nasi1981 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыбу салынат.
-5
Love1234
2015-12-15 22:53:09
турмодо соогу чирип олсун желмогуз
+3
Qnet
2015-12-15 22:59:48
Эмнеге 2айга отургузуп атышат?Оз мойнуна алып,далилдер турбайбы?Дароо эле сотко откоруш керек го бул ишти?
0
newman
2015-12-16 02:25:07
Qnet,
тергоо буткончо 2 ай камакка алынат. сот болгондон кийин турмого которулат
+2
bokidina
2015-12-15 23:10:28
Кудай ай.байкуш апасы бул видену корбой эле койсо экен.журогу сыздайт ко баласынын жатканын коруп
+2
Alicia
2015-12-15 23:19:42
myndai adamdardy toktotpoi atyshsa bolmok
+4
NADUW
2015-12-16 00:55:20
Эмне учун олтуруптур,жаш ымыркайда эмне куноо?Апасына кудайым озун сабыр бере кор,мындайды эч бир адамдын башына салбасын.
+3
wwwonline
2015-12-16 01:35:57
Iiii baikushum dese, burushup tonup kalyptyr...
Bul akmak ayaldy olturboi kolu, butun kesip salysh kerek, bul ayalga olumdon da katuu jaza kerek!
+4
Ledi89
2015-12-16 01:42:24
Аллахым тооба , мыкачы го аял Сирияда олтуруп жатат жаш балдарды десем мына кыргызстанда да откон мыкачылар пайда болуптурго, акча башында калсын адам омуру акчадан да арзан болуп калдыго .
+1
Ledi89
2015-12-16 01:46:13
Апасына сабыр берсин, кандай кыйынчылык менен 9 ай курсакта которуп, аны ушул 7 ти жашка дери кандай мээнет менен жакшы тилек менен чонойту эле . Сабыр берсин Алла сизге!
+3
aqua.94mema
2015-12-16 02:50:21
Зээнин кнйип ыйлагын келктго .
+2
tabyshmak
2015-12-16 09:43:19
Энеден туулбай эле эмнеден туулган бул аял?!! Кудай сактай кор! Наристеде эмне куноо эле жырткыч?! Сага омур бою азапты гана буюрусун Кудай! Бул видеону коргон ар бир эне ыйлайт! Сенде журок барбы деги? Жан кыйнаган азап менен узакка омур сурушунду Кудайдан тилейм! Кадимкидей ыйладым. Бала тонуп да калыптыр. Видеодогу "ит жебептир" деген создор ого бетер ыйлатат экен. Кудай Даниэлдин апасына кайрат-сабыр берсин! А бул мыкаачы Кудайдын жазасы менен тируусундо эле тозокто куйсун!
+4
danik86
2015-12-16 11:09:10
Кыргызстанда атайлап адам өлтүргөндөрдү атуу жазасына бериш керек, ошондо мындай окуялар болбойт. Акыркы күндөрү карышкырдан жаман жырткычка айланып баратабыз. Айрыкча баш өспүрүмдөрдүн өлүмү көбөйүп жатат. Аларды түрмөдө кармап отургандын кажети жок.
+1
ooki8888
2015-12-17 15:01:53
Атуу жазасын талап кылабыз!!!!
Гумандуу жазага татыктуу эмес мындай ХХХ!!!!
0
admin_superstan
2015-12-17 15:21:10
ooki8888, этика нормаларын сактаңыз!
0
Aibekaiym
2015-12-19 02:28:56
Ииии журогум зыркырайтго аягында чейин коргонго журогум чыдаган жок. Ушундай киши олтургон акмактарды камабай етбей еле олум жазасын киргизбейби окмот калп еле отуп кеткен нерсени ар кайсы маселени талкуулабай ушул маселени талкуулап олум жазасын киргизбейби эртереек.Уялбай 2 ай сизого киргизилди деп коюшат.2 ай эмес 2000 жылдагы аздык кылат.Эне шордуга сабыр берсин Кудайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан