Норвегиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңеши 2015-жылы жол кырсыктарында жаш балдардын өлүмү катталбагандыгын билдирди. Мындай көрүнүш 1970-жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Жогоруда аталган кеңештин директору Ян Йохансон муну айдоочуларды даярдоо, коопсуздук системинин жана жолдордун жакшырышынан деп түшүндүрдү. Ошентсе да бул жылы жол кырсыктарынан жалпы 113 адам мерт болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал эми өлкөбүздөгү жол кырсыктары боюнча статистикалык маалыматтарга таянсак, 2015-жылдын 11 айында эле 6656 факт катталган. Андан 976 адам көз жумса, 9847 жаран жаракат алган.
Жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 1355 болгон. Анда 92 бала көз жумса, 1560 бала ар түрдүү жаракат алган. Маалыматты 15-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.