Ош шаарында кардар такси кызматынын кызматкерин бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда жергиликтүү милицияга Эшме айылынын тургуну кайрылып, анын таксист болуп иштеген 38 жаштагы иниси Нурбек Миңбаев жумушка чыгып, дайынсыз жоголгонун билдирген. "Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда Н.Миңбаевдин Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасы эл аз жерден табылган. Анын ичинен кандын издери табылып, унаанын жанында бут кийимдер жаткан. Бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 25 жаштагы А.Р. аттуу тургуну Жалал-Абад облусунан кармалган. Ал аталган кылмышты жасаганын моюнуна алган",- деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, таксист кардарды жеткиргени үчүн төлөнгөн акчага нааразы болуп, алардын ортосунда чыр чыккан. Алар уруша кетишип, А.Р. таксисттин моюнуна бир нече жолу бычак сайган. Андан соң кылмышка шектүү адам шериги менен таксисттин жансыз денесин Амир-Темир кичи районундагы каналга ыргытышкан. Ал эми унааны башка жерге алып барып таштап коюшкан.
"Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары уланууда. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Анын шериги изделип жатат",- деп билдирет милиция.