15-декабрда Ош - Бишкек жолунда, Кара-Көл шаарындагы постко жакын жерде бензин ташуучу унаа аңтарылып кеткен. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бензин ташуучу унаанын айдоочусунун абалы жакшы, бактыга жараша, оор жаракат алган жок. Бул окуяны көргөн адамдар МАИчилердин "алыс тургула" деген талабына баш ийбей, аңтарылган унаадан аккан бензинди алып жатышты. Кокус учкун пайда болсо, жарылуу болуп кетмек",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.