Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, коррупциялык схемаларды аныктоо учурунда Салык кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча этил спиртин өндүрүү жана айлантууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Ж.А. ишкерден 300 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.
Жеке ишкер алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин сатып алууга уруксат алуу боюнча башкармалыкка кайрылган. Башкармалыктын жетекчиси уруксат кагазын берүү үчүн андан акча талап кылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, тергөө абагына камакка алынды. Факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголду.