Бишкек. Мас болгон 29 жаштагы адам 4 жашар баласын базардан жоготуп алды. Учурда ата-баланын кайда экени белгисиз

Бишкекте мас абалдагы 29 жаштагы адам 4 жашар баласын базардан жоготуп, өзү да дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-декабрда Актан аттуу 2011-жылы туулган бала 1986-жылкы Дайырбек аттуу атасы менен Учкун кичи районундагы үйүнөн саат 17:00 чамасында чыгып кеткен боюнча дайынсыз. "Наристе "Аламүдүн" базарынан жоголгон. Анын мас абалдагы атасы Дайырбек бир тууган агасына телефон чалып, Актанды базардан жоготконун айткан. Агасы аталган базарга барганда Дайырбектин телефону өчүк болуп, аны менен байланышка чыга албай калган",- дешти милициядан.

Учурда 4 жашар балага издөө салынды. Анын бою 70 сантиметр, арык чырай, чачы кара. Ошол күнү ал көк күрмө, ак топу, көк спорттук шым жана кара түстөгү бут кийим менен чыккан.
Кичинекей Актанды көрүп-билгендер төмөнкү номурлар аркылуу кабарлашса болот: (0312) 43-28-15, (0550) 102 872, (0772) 102 201.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
miraim
2015-12-16 10:54:57
Арак ичпей балее ич
+8
Nariste...12
2015-12-16 11:13:30
Жинди суунун пайдасы...
+5
makemake1979
2015-12-16 11:38:30
Журок ооруйт да кичинекей балдардын ушундай тагдырына аттин ай miraim созуно толук кошулам
+4
asad345
2015-12-16 14:58:10
Кудай озун сакта кичинекей баланы, атасына ыйман бере кор
+1
aibo_85
2015-12-16 15:26:43
суукта эмне болду экен эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан