Талас. Кең-Колдун тургунунун кой короосунан 13 килограммдан ашык маңзат табылды

Талас облусундагы Талас районунун Кең-Кол өрөөнүндө жергиликтүү тургундун кой короосунан маңзат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, соттун токтомуна ылайык, 14-декабрда аталган мамлекеттик органдын кызматкерлери С.Н. аттуу 1974-жылкы жергиликтүү тургундун короосун тинтүүгө алышкан. Анын жыйынтыгында 13 килограмм 715 грамм марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз баңгизатты сактаган башка дагы адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anjela500
2015-12-16 14:42:16
подстава
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан