Быйылкы жылдын декабрь айынын ичинде төрөт учурунда 2 аял каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-декабрда Бишкек шаарынын №2-төрөт үйүндө 29 жаштагы аял каза тапкан. Бул анын экинчи төрөтү болгон. Ал эми экинчи өлүм 10-декабрда борбор калаадагы №4-төрөт үйүндө орун алган. Буга чейин 2 жолу төрөгөн 1986-жылкы аял төрөт учурунда каза тапкан.
"Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүрүп жатат",- дешти мекемеден.