Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы оорукананын эсепчиси "2 жыл ичинде мекеменин кассасынан
139 520 сомду өзүнө өткөрүп алган" деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөрүш айылындагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы эсепчиси ооруканага гипохлорид кальций сатып алуу үчүн 2014-жылы оорукананын кассасынан 104 850 сом жана 2015-жылы 64 670 сом (жалпысынан 169 520 сом) алып, 2014-2015-жылдары болгону 30 миң сомдук гипохлорид кальций сатып алып, отчётторду жасалмалап, калган 139 520 сомду өзүнө өткөрүп алган. "Натыйжада бюджетке 139 520 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык документтерди оңдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду",- дешти милициядан.