
Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынан келген 47 жаштагы "табып" аялга карата соттук өкүм чыкты. Бул тууралуу Орусиянын Свердлов облусунун ИИМине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, айыпталган аял кызы менен Екатеринбургга 2014-жылы келип, батирди ижарага алып жашашкан. "Тергөөнүн версиясы боюнча, "табып" көчөдө жарандарга келип, "оорудан сакайтып берем" деп акча сураган. Ага жалпысынан 9 пенсионер жана жаш эне алданган. Аялдын кылган иштеринен 1,3 миллион рублга зыян келтирилген. Соттун чечими менен ал "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары ага 15 миң рубль айып пул тагылды",- деп жазышат басылмалар.