Каракол - Балыкчы жолунда Хонда менен Тойота сүзүшүп, кырсыктан улам 4 адам набыт болду

Бүгүн, 16-декабрда Каракол - Балыкчы жолунда 2 унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, окуя болжол менен саат 15:00дө орун алды. Хонда Степвагон менен Тойота Эстима сүзүшүп, кырсыктан улам 4 адам набыт болду, дагы 4 адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жабыркагандар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Куткаруучулар автоунаада кыпчылып каза болгон адамды жана оор жаракат алган адамды чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине беришкен. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sobr777
2015-12-16 19:21:16
Абайла айдоочу! Сени уйдо кутуп жаткандар болот
+14
Lumia-800
2015-12-16 19:58:37
Олуп кетиш оной эле. Бирок тируулук жакшы. Тируу болуш учун оной олумго шашпагыла...
+5
tynystan
2015-12-16 20:00:12
Эки автомашина тен он рулдуу болуш керек(((эхх жаман кабар канча адам жол кырсыгынан каза болуп калып жатат бизде а
+5
kuba-kj
2015-12-17 00:13:51
Экоо да он рульдуу.
+1
baltabaev
2015-12-17 10:17:02
Оң рульдуу машиналар биздин жол эрежелерди сактай алышпайт
0
Amankg
2015-12-17 11:16:10
Негизи Каракол-Балыкчы трассасы абдан начар абалда. Менимче бул жолду корбогон киши жок болуш керек КР де. Калыс болсонор. Бул основной жолдон канчалаган туристтер отот. Бул трассаны реставрация кылыш керек, анан дагы кенейтиш керек. Бул жол туристердин эсебинен канча деген акча алып келип атат, ошол эле маалда жолдун жамандыгынан канча адам кырсыкка кабыл болуп жатат.
+3
Amankg
2015-12-17 11:19:37
Урматуу Супер КЖ порталы ушул жолдун (Каракол-Балыкчы) жаман жерлерин кайра кайра видеого жана суротко тартып гезитке жана порталга чыгара берсенер, может мамлекет кыймылдайттыр да.
+2
admin_portal
2015-12-17 12:24:04
Amankg, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан