Жалал-Абадда Жылуулук менен камсыздоо ишканасында слесарь-оңдоочу болуп эмгектенген К.К. (Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында туулган) Р.М. аттуу шериги менен (Жалал-Абад шаарынын тургуну) 4820 килограмм мазутту сатып жаткан жеринен кармалды. Окуя 8-декабрда саат 23:00дө катталган. Алар Сузак районуна караштуу Лавдан-Кара айылында “Жалал-Абад АБЗ” ачык акционердик коомуна тиешелүү мазутту сатып жатышкан.
Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя болгон жерден К.К. аттуу жаранга тиешелүү КамАЗ 35410 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа байкалган. Натыйжада алар Жалал-Абад райондор аралык жылуулукту камсыздоо ишканасына 83 868 сом материалдык зыян келтиришкен.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.