"Дан" мамлекеттик ишканасынын башчысы камакка алынды

"Дан" мамлекеттик ишканасынын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлктөрдү төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз сатуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын талаптарына жооп бербеген буудайды мамлекеттик резервге сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Дан” ишканасынын башкы директору В.Н. камакка алынды. Ага карата “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” жана “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренелерине ылайык айып коюлуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасын тандады.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан