Кыргыз-тажик чек арасынан героин алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 16-декабрда ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен Ош облусунун Алай районундагы «Бор-Дөбө автоунаа жолу» өткөрмө пунктунда З.Б. аттуу 1979-жылкы тажик жаранынын Мицубиси-Паджеро үлгүсүндөгү унаасы тинтүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаанын арткы жагында отурган Т.Р. аттуу 1978-жылкы жүргүнчүгө тиешелүү полиэтилен баштыгынан 744,8 грамм героин табылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.