Бишкек мэриясынын башкармалыгында кызматкердин жасалма диплом менен иштеп келгени аныкталды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Р.Е. жасалма диплом менен иштеп келгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогорудагы кызматкер жумушка алынарда 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде юрист адистиги боюнча билим алгандыгын аныктаган дипломду көрсөткөн. Шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган окуу жайдын архивин текшергенде бүтүрүүчүлөрдүн арасынан Р.Енин аты-жөнү табылган эмес. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chalkan
2015-12-17 13:26:03
Буларды "кудайдан жөө качкандар"-деп коюшат. Мындайлар толтура бийликте.
0
Illusions
2015-12-17 15:06:25
Алып жатып текшериш керек эле. Иштеп да журуптур тобо... Соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан