Орусиянын Бурятия Республикасында 31 жаштагы адам спайс чегип алып аялын токмоктоп, 3 айлык кызын өлтүрүп салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Улан-Удэ шаарында эркек киши аялын катуу сабап, андан соң керебетте жаткан кызын көтөрүп дубалга уруп, сынган айнек менен сайгылап салган. "Кырсык болгон жерге барган полиция кызматкерлери эркек кишинин өзүнүн иш-аракеттерине жооп бере албаган абалда экенин көрүшкөн. Алган жаракаттарынан ымыркай жан берген, ал эми катуу жаракат алган 21 жаштагы келинди "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен",- деп жазышат басылмалар.
Орусиялык полициянын билдирүүсү боюнча, кылмышка барган кишинин унаасынан спайс табылган. Ошондой эле бул үй-бүлө ички иштер органдарында каттоодо турбаганы аныкталды.
Орус басылмалары билдиргендей, спайска байланыштуу окуя буга чейин Подольск шаарында орун алган. "Адам 4 жашар баласын жана 9 айлык наристесин өлтүрүп, аялын бычак менен жарадар кылган. Анда аял кошуналарын жардамга чакырганга жетишип, аман калган",- дешет массалык маалымат каражаттары.
Айта кетсек, кыргыз жергесинде спайска тыюу салуу боюнча токтомго премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 4-декабрында кол койгон. Бул документ кол коюлгандан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.